Чек арадагы чыр чыккан жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жөнөп кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков бүгүн, 2-августта билдирди.
“Азырынча эки тараптын ортосунда чырдын келип чыгышынын себеби так аныктала элек. Ал жакка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жөнөп кетишти. Учурда Ак-Сайга кетчү унаа жолу тажик жарандары тарабынан тосулуп турат”, - деди Жеңиш Разаков.
Айта кетсек, бүгүн Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде чыр чыгып, унаа жолу тажик жарандары тарабынан буулган эле.