Кыргыз эли обончу, аткаруучу Токон Эшбаевден айрылды

Кыргыз эли обончу, аткаруучу Токон Эшбаевден айрылды. Бул тууралуу Кыргыз Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова бүгүн, 2-августта билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз Эл артисти, обончу, аткаруучу Токон Эшбаев бүгүн эртең менен узак оорудан улам көз жумган. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 3-август күнү Ош драма театрында болот.

Кечээ эле ооруканага барып бир саат отуруп, баарлашып келдим эле. Ал кайталангыс талант болчу”,- дейт Гүлшайыр Садыбакасова.

Айта кетсек, Токон Эшбаев 1950-жылы Кара-Суу районуна караштуу Керме-Тоо айылында жарык дүйнөгө келген. Аны кыргыз эли “Эжеке”, “Жаштык, жаштык”, “Кызыл желек” жана башка ырлары аркылуу тааныйт.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыздын атактуу уулу Токон Эшбаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (51)
uularbek
2014-08-03 00:56:21
Жаткан жери жайлуу болсун! Туболук кыргызымдын журогундо сакталчу инсан!
0
lotte
2014-08-03 03:52:36
Жайы жаннаттан болсун!
0
Gul.08
2014-08-03 03:56:58
Жайы жанаттан оорун алсын!!
0
insap
2014-08-03 06:44:28
Мархум таланттуу ырчынын жаткан жери жайлуу болсун, жараткан Алла тооболорун кабылдап, күнөөлөрүн кечирсын!
0
jigit.85
2014-08-03 08:17:08
Жаткан жери жайлуу болсун,бул агабызбы откондо эле жанылышпасам жарамазанчыларды кабыл алып батасын берип жатканын кордум эле,эми болсо арабызда жок,сиздин чыгармалар.ды эл эч унутпайт!
+1
Samandar
2014-08-03 08:18:07
Кыргыздын туйгуну эле,чиркин ырдаганда жамгыр тогуп жаткандай туйулчуу,кайталангыс талат ырлары калды мин жыл очбос,терен кайгыруу мн конул айтам,Аллах бейишин берсин
+1
netsa
2014-08-03 08:37:09
Дагы бир кыргыздын залкар таланты очту (((. Жаткан жериниз жайлуу болсун!!!
0
WINNER
2014-08-03 09:57:05
Кадыры эми жогунда билинетго. Жайы жаннаттан болсун!
0
Akabai
2014-08-03 11:31:32
Аттин ай аттин жамгыр токтуну созолонтуп ким ырдайт эми
+1
asylka
2014-08-03 12:06:47
эл ырчысы эле жаткан жери жайлуу болсун
0
dastan_nookat
2014-08-03 12:37:25
Жаткан Жери жайлуу болсун жакындарына конул айтам!!!
0
Chon-Alai-kg0101
2014-08-04 08:39:38
Эхх аттин. Жакшы адамдардын омуру кыска болот тура, жакында эле учурашкам кошунам эле.Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун, жакындарына сабыр берсин!
0
Nur92
2014-08-04 09:52:24
Адамдын баркы олгондо гана билинет деген чын тура. Жайы жаннаттан болсун!
0
admin_superstan
2014-08-04 10:36:34
aminuwka, талкуудан алыстабаңыз!
0
zeet
2014-08-09 03:00:17
Кылган куноолорун Кудайым озу кечирсин ((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан