Чек арадагы чыр чыккан жерде абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 2-августта билдиришти.
Айтымдарына караганда, жергиликтүү чек ара жана күч органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Учурда ал жакта абал туруктуу.
Айта кетсек, бүгүн Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде чыр чыгып, унаа жолу тажик жарандары тарабынан буулган эле.