Тажик жарандары тарабынан буулган жол ачылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 2-августта билдиришти.
Маалыматка караганда, жол эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин ачылган. Ошондой эле тажик тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө да макул болгон.
Айта кетсек, бүгүн Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде чыр чыгып, Кожалы айылында унаа жолу тажик жарандары тарабынан буулган эле. Ошондой эле кыргыз жарандарына тиешелүү оор жүк ташуучу бир унаанын жана бир жеңил унаанын айнектери талкаланган.