Бүгүн, 3-августта Ош шаарындагы Улуттук драма театрында Кыргыз Эл артисти Токон Эшбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Ага Ош, Жалал-Абад облустарынын бийлик өкүлдөрү, чыгармачыл адамдар, жергиликтүү эл жана маркумдун жакын санаалаштары, туугандары катышышты. Анда сөзгө чыккандар обончунун биринчи өмүрү бүгүн токтоп, экинчи өмүрүн кыргыз эли улантарын айтып өтүштү.
Ал эми куудул Абдылда Иманкулов Токон Эшбаев менен 28 жылдан бери ага-ини катары катышып келгенин айтып, "Кыргызстанда бийлик өкүлдөрүнөн жакшы сөз угуш үчүн сөзсүз өлүш керекпи?" деп жашып алды.
Андан соң “Сулайман-Тоо” мечитинде маркумдун жаназасы окулду. Маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылында жерге берилет.
Токон Эшбаев 1950-жылы 21-июлда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Керме-Тоо айылында туулган. 1971-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетин аяктаган. Ал Кара-Суу райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, Ош облустук ички иштер башкармалыгында инструктор, Рыспай Абдыкадыров атындагы облустук филармониянын директору кызматтарында иш алып барган. Токон Эшбаевдин жүздөн ашуун обондуу ырлары кыргыз журтчулугуна кеңири таралып, Кыргыз радиосунун Алтын фондуна жазылган.
Анын элге кылган кызматы жогору бааланып, 1976-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1977-жылы Советтер Союузунун Баатыры, СССРдин Эл артисти Нежданова атындагы сыйлыктын лауреаты болуу менен 1982-жылы Кара-Суу райондук кеңешине депутат болуп шайланат. 1992-жылы "КРнын Эмгек сиңирген артисти" наамына, 2011-жылы "КРнын Эл артисти" наамына татыган.
Эске сала кетсек, обончу, аткаруучу Токон Эшбаев кечээ, 2-августта каза болду.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыздын атактуу уулу Токон Эшбаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.