Ош шаарында кышка даярдыктар көрүлүүдө. Жаратылыш газынын жоктугуна байланыштуу шаардын бардык аймактарына 5236 электр меши таратылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүнкү күндө суюлтулган газ сатуу боюнча 15 түйүн иш алып барууда. Алардын он бири - газды толтуруучу станциялар, төртөө - сатуу түйүндөрү. Ал эми 20 литрлик газ баллондордун баасы 600 сомду түзөт.