Ош шаарында 2014-жылдын 6 ай аралыгында бруцеллёз оорусунун көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге азайды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.
Маалым болгондой, жыл башынан бери ооруга чалдыгып катталгандардын саны алтыны түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылда он төрттү түзгөн болчу. Ал эми бруцеллёз оорусун алдын алуу максатында 360 бейтаптын анализи серологиялык изилдөөдөн өткөрүлүп, алардын ичинен 91 Хеддельсон реакциясы жана 39 Райт реакциясы аркылуу аныкталды. Ошондой эле бруцеллёз оорусун алдын алуу боюнча 637 баш майда жандык эмделди. Ошону менен катар кутурма оорусуна каршы эмдөө бөлүмүнө 394 адам иттен жана башка жаныбарлардан жабыркагандар кайрылган.