Ысык-Көлдө 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондордун сөөктөрү чогултулуп, жерге жашырылды

Ысык-Көлдө 1916-жылдагы Үркүндө Кытайга качууга мажбур болгон ата-бабалардын сөөктөрү аска-зоолордун арасынан чогултулуп жерге жашырылды жана аларга арналып куран окулду. Бул тууралуу 4-августта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага КРнын Биринчи вице-премьер-министри, 2016-жылы өтө турган Үркүндүн 100 жылдык иш-чарасына карата түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы Тайырбек Сарпашев, кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, ЖКнын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Каныбек Иманалиев, Кожобек Ырыспаев, тарыхчылар, окумуштуулар, журналисттер жана Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Шыйрак айыл аймагынын жергиликтүү калкы катышты.  

Аска-зоолордун арасынан чогултулган сөөктөр жерге көмүлүп, куран окутулду жана ошол жерге мрамор ташынан чегилген атайын белги орнотулду. 

Эскерте кетсек, 2008-жылдын 8-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү №340-4-токтомунун негизинде 1916-жылкы көтөрүлүштө көз жумган адамдарды ар жылы август айынын алгачкы жума күнү эскерүүнү бекиткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан