Нефтетрейдерлер ассоциациясы: “Августта Кыргызстан боюнча күйүүчү майдын таңсыктыгы күтүлбөйт”

Август айында Кыргызстан боюнча күйүүчү майдын таңсыктыгы күтүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта маалымат жыйынында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылдын январь-июль айларында республикага жалпысынан 603 миң тонна мунайзат алынып келинген, анын 335 миң тоннасы – бензин, ал эми калган 268 миң тоннасы – дизель отуну. “Күйүүчү майдын калдыктары июль айынын аягында болжол менен 93 миң тонна, анын 52 миң тоннасын бензин, 41 миң тоннасын дизель түзөт”,- деди ал.

“Товар калдыктары мурдагы деңгээлде сакталып, бардык аймактар боюнча керектөөчүлөрдү отун менен камсыздоого шарт түзүлөт. Жалпысынан республиканы күйүүчү май менен камсыздоо боюнча абал туруктуу, ошентип таңсыктык күтүлбөйт”,- деп кошумчалады М.Керимкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан