“2014-жылдын июль айында күйүүчү майдын баасы 2,2 сомго өскөн” дейт Медетбек Керимкулов

2014-жылдын 7 ай аралыгында Кыргызстан боюнча күйүүчү майдын баасы 2,1 сомго (5 пайыз) өссө, июлда 2,2 сомго өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта маалымат жыйынында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди.

Анын айтымында, жылдын январь-июль айларында күйүүчү майдын бааларынын өсүүсү байкалган. “Баалардын өсүү жана төмөндөөсүнүн натыйжасында республикада отундун баасы орто эсеп менен 4,3 сомго өскөн, мында баалардын өсүүсү түндүк облустар боюнча 4,4 сомду, түштүк облустар боюнча 4,2 сомду түзгөн”,- деп түшүндүрдү ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан