Күйүүчү майдын кымбатташы бир гана Кыргызстанда эмес, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстанда да байкалууда

“Күйүүчү майлардын бааларынын өсүүсү Кыргызстанда гана эмес, коңшу өлкөлөрдө да байкалууда”,- деди бүгүн, 4-августта маалымат жыйынында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов.

Анын айтымында, Казакстанда мунайдын таңсыктыгына байланыштуу айрым күйүүчү майды сатуучу жайлар чектөө киргизип, тейлөөнүн талондук системине өтүүдө. “Тажикстанда 1-августтан тарта күйүүчү майдын баалары 6 пайызга (2,5-3 сомго) жогорулаган. Өзбекстанда да мунайдын таңсыктыгы байкалат. Ал жакта дизелдин 1 литринин баасы 1,5 долларга барабар”,- деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан