Жамиля Боркоева, бокс калысы: «Жаңы рингге чыккан мушкерлерди башкаруу кыйын»

Кечээ, 3-августта Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда жыйынтыкталган бокс боюнча эл аралык мелдеш 4 өлкөнүн (Орусия, Түркмөнстан, Кытай, Кыргызстан) мушкерлеринин мыкты беттештери жана калыстардын тыкан иши менен эсте калды. Мелдештин жүрүшүндө калыстар тарапка нааразычылык дээрлик болгон жок. Калыстардын катарын Жамиля Боркоева жана Назира Рахатова аттуу кыздар толукташты. Кошумчалай кетсек, 2011-жылы калыс катары тушоосун кескен кыздар Эл аралык даражадагы калыс катары AIBA`нын 1 жылдызына ээ болушкан. Жамиля Бокоева SUPER.KG порталына маек куруп, бул кесиптин түрдүү жактарын айтып берди.

- Жамиля, алгач өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз… Бокс менен жолуңуз кайсы жерден бириккен?

- 1989-жылы 1-ноябрда Бишкекте төрөлгөм. Алгач мен бокс менен машыгып баштагам. 2011-жылдан тарта калыстык милдетти аркалай баштадым. Бокс менен машыгып жүргөндө Кубан аттуу агайыбыз дайыма спаррингге чыгарып (рингдеги өнөктөш), көп нерсеге көндүргөн. Ошонун арты менен калыс катары иштеп, көп нерсени үйрөнүүгө өзүмдө чоң кызыгуу бар болчу.

- Кыргызстанда бир кездерде кыздардын спортко катышуусуна үйдөн катуу тыюу салынчу эле. Ата-энеңиз сиздин спортко аралашууңузду кандай кабыл алды?

- Бокс менен машыгып жүргөндө апам аябай каршы болгон. Анткени анда кыздар бул спортто дээрлик жок болчу. 2-3 айда барып көндү. Ал "бокс кызга ылайыктуу спорт эмес" деген ойдо эле. Азыр болсо аталган спорт менен машыккан кыздардын саны артып баратпайбы. Бул жакшы көрүнүш. Ошондой эле калыстык кылган кыздар да көбөйүүдө.

- Айтсаңыз, бокс оңой көрүнгөнү менен, татаал эрежелери жок эмес. Эрежелерди эске тутуу, үйрөнүү кыйын болгон жокпу?

- Бардык эле ишти жаңы баштаганда кыйын болот эмеспи. Мага деле кыйын болду. Эрежелер улам жаңыланып, түрдүү семинарлар болуп турат. Ошолорго катышып, үйрөнөбүз. Мисалы, 2013-жылы Кыргызстандын чемпиондугунун алдында жаңы эреже иштелип чыккан. Анын негизинде калыстар чабышып жаткан мушкерлерге сүйлөө укугуна ээ болушту. Ага чейин мушкерлер эреже бузса «Стоп!» деп токтотуп, анан колу менен жаңсап гана көрсөтчү. Азыр беттеш уланып жаткан маалда да калыс тапшырма берип, эреже бузган мушкерге эскертүү бере алат. Анан да калыс мушкерлерге жолтоо болбогон абалда аралыкты өзү тандайт. Ошол эле учурда нокаут же нокдаун катталса, сокку жеген спортчуну убагында коргоп калышы керек.

- Айрым мушкелер менен иштешүү, түшүнүшүү кыйын болсо керек. Бардык спорт түрүндө мындай түйшүк бар эмеспи…

- Эсимде, мен жаңы чыгып баштаганда мушкерлердин жактырбаганын сезчүмүн. «Эми биздин беттешти дагы кыз тейлейби?» дегендей карашчу. Азыр баары көнүп калышты, биз дагы көндүк. Айрым учурларда ири мелдештерге биринчи жолу катышып жаткан мушкерлер бир топ ыңгайсыздык туудурушат. Өзүлөрүн жоготуп, кызуу кандуулукка алдырышат да, калыстын тапшырмаларын укпай калышат. Анан да беттеш кызып кеткенде элдин сүрөөнү калыстардын ишине жолтоо болот. Залдагы кыйкырык-сүрөөндөр калыс катары тапшырманы түшүндүрүүгө кыйынчылык туудурат. Ошол себептүү баарына даяр болуп, аралыкты туура кармай билишибиз керек.

- Теле аркылуу бокс боюнча беттештерди кызыгуу менен көрсөңүз керек. Калыстын ишине көз саласызбы? Негизи, бул жаатта кандай ийгилик жараткыңыз келет?

- Ооба, беттештерди көрөм. Бирок беттеш кызуу болуп кетсе, калыстын ишине деле карай албай каласың. Мага Майк Тайсон, Костя Цзю сыяктуу мушкерлердин чеберчилиги жагат. Бул жаатта мен дагы ошондой профессионал мушкерлердин беттешин тейлеген калыстардын деңгээлине чейин өскүм келет. Мен калыстык кылган беттештерде ката болбосо, эл менин калыстыгымды сөз кылса деген тилектерим бар. Кыргызстандык калыстар да бул деңгээлге чыккан күн келерине ишенем. Бул үчүн чет жерлерде окуп, ири мелдештерге катышуу менен тажрыйба топтош керек.

- Калыс катары эмгектенип баштагандан кийин кайра мээлей кийип рингге чыгуу тууралуу ойлондуңуз беле?

- Жок, андай ой болгон эмес. Анткени менин бокс менен алектенчү курагым өтүп кетти. Азыр 19-20 жаштагы кыздар рингге чыгып жүрүшөт. Мен алар менен беттешип жатканымды элестете албайм. Ага-тууган, дос-курбуларым калыс катары иштей берүүмдү каалашат. Демек, калыс катары гана өсүүнү ойлоном.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан