Талас районундагы Кырк-Казык, Таш-Арык жана Ак-Жар айылдарынын 1993-жылы туулган 20дай бала 4-январда ушул эле айылдын 9-10-класстарынын 10дой окуучусун токмоктошкон. Натыйжада Эшмамбет орто мектебинин 9-классынын окуучусу Рыскелди Беккул уулу жана 10-класстын окуучусу Жанжигит Малабек уулу катуу ур-тепкиден жана “электрошок” менен урулгандыктан, оор абалда ооруканага жеткирилген. Жабырлануучулар облустук ооруканада 10 күндөй дарыланып чыгышып, кылмышка шектүү Ак-Жар айылынын тургундарына Талас РИИБи тарабынан кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгы менен "адам денесине оор зыян келтирүү" беренеси боюнча айыпталуучулар күнөөлүү деп табылып, өлкөдөн сыртка чыкпоо чечими чыгарылган.