КРнын Президентинин кеңешчиси Султан Раев өзүнүн жаңы чыккан китептерин Улуттук китепканага тапшырды

КРнын Президентинин кеңешчиси, драматург Султан Раев өзүнүн жаңы чыккан “Корона”, “Ханышанын көз жашы” жана “Аптанын бешинчи күнү” аттуу китептерин Бишкектеги Улуттук китепканага тапшырды. Бул тууралуу аталган китепкананын кызматкерлери кабарлады. Маалым болгондой, “Корона” китебинде автордун «Мальчик, державший в руках солнце» ("Күн кармап турган бала"), «Соцреализм», «Пусу», «Двое» ("Экөө"), «Пятый день недели ("Аптанын бешинчи күнү") чыгармалары камтылган. Ал эми “Ханышанын көз жашы” аттуу экинчи китебинде “Ханышанын көз жашы”  драмасы жана “Барсбек” трагедиясы англис тилинде жазылган. Ошондой эле "Аптанын бешинчи күнү аттуу" үчүнчү китеби Түркиянын Анкара шаарында түрк тилинде басылып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан