Бишкектин Октябрь райондук администрациясы "Кыргызча сүйлөйлү" аттуу сынак өткөрдү
Ушул жылдын 18-январында Бишкектин Октябрь райондук администрациянын бөлүмдөрү арасында муниципалдык кызматты мамлекеттик тилде аткаруу боюнча “Кыргызча сүйлөйлү” аттуу чакан сынак болуп өттү. Сынакка ар бир бөлүм өзүнүн курама тобунун аталышын, ураанын жактап, мамлекеттик тилди өнүктүрүү тууралуу долбоорун сунуштады жана иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү иштерин чагылдырышты. Мындан сырткары “Өнөрлүү кызматкер” наамы боюнча ар бир бөлүмдүн чыгармачыл, шыктуу кызматкерлери көркөм окуу, ыр, жаңылмач, табышмак, макал-лакап айтып өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Сынактын жыйынтыгы боюнча 1-орунду эсеп-кысап бөлүмү, 2-орунду турак-жай, курулуш чарбасы жана МАБ өнүктүрүү бөлүмү, 3-орунду уюштуруу бөлүмү жеңип алышты. Сынакта калыстар тобун мэрияга караштуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн өкүлү жана администрациянын жетекчилиги түздү.