* Мындан 64 жыл мурун, 1950-жылы Кыргыз Республикасынын мурунку Президенти Роза Отунбаева туулган. Мамлекеттик ишмер, дипломат, укук коргоочу, философия илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын экс-президенти жана КМШдан чыккан алгачкы президент айым Ош шаарында туулган. М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн. 2010-жылдын июль айынан тартып 2011-жылдын 1-декабрына чейин Кыргызстандын өткөөл кездеги президенти болгон.
* Мындан 46 жыл мурун, 1968-жылы саясий ишмер Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Торкент айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1991-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эсептик-экономика факультетин бүтүргөн. Иш тажрыйбасын жеке ишкердик менен алектенүүдөн баштаган. Беш жыл бою "Градиент" ЖЧКсынын директору болуп турган. 2014-жылдын апрель айынан тартып биринчи вице-премьер-министр болуп эмгектенип келет.
* Мындан 63 жыл мурун, 1951-жылы Чеченстандын туңгуч президенти Ахмат Кадыров Казакстандын Караганды шаарында туулган. Ахмат Кадыров Чеченстандын Кремлдин өкүмүн тааныган бийлигинин президенти кызматын аркалап турган чагында чечен жикчилдери уюштурган террордук жардыруунун айынан 2004-жылы 9-майда 52 жашында каза болгон. 