Ысык-Көл. Ак-Суу психоневрологиялык жатак үйүнө кайрымдуулук жардам көрсөтүлдү

22-январь күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук аялдардын психоневрологиялык жатак үйүндөгү бейтаптарга Кыргызстандагы азербайжан этникалык тобунун өкүлдөрү тарабынан кийим-кечек түрүндө кайрымдуулук жардам көрсөтүлдү. Бул маалыматты өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Кайрымдуулук жардам көрсөтүү иш-чарасына Азербайжан диаспорасынын өкүлү Зиядин Кусеинов, өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Роза Кайыкова катышты. Маалыматка ылайык, Ак-Суу райондук аялдардын психоневрологиялык жатак үйүндө 215 адам дарыланат. 90го жакын кызматкер жана 6 дарыгер иштейт. Кошумчалай кетсек, Азербайжан этникалык тобунун өкүлдөрүнүн мындан аркы кайрымдуулук акциясы Чолпон-Ата шаарындагы кургак учук санаториясында жана Каракол шаарынын балдар үйлөрүндө улантылары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан