
* Мындан 56 жыл мурун, 1958-жылы Эл аралык журналисттер уюмунун IV конгрессинде журналисттердин шериктештигин белгилөө күнү аныкталган. Аталган датанын кабыл алынышына 1942-жылы фашисттик гестапо тарабынан камакка алынып, 1943-жылдын 8-сентябрь күнү Берлин шаарында жазага тартылган чехословакиялык журналист, адабият жана театр сынчысы, публицист, чехословакиялык компартиянын активисти
Юлиус Фучиктин ысымы менен байланышкан. Юлиус Фучик улутчулдук капаста жаткан маалында да "Моюнга салынган сыйыртмак менен репортаж" деген китеп жазган. Жалындуу журналисттин чыгармасы 1950-жылы Эл аралык "Тынчтык" сыйлыгына арзыган.

* Мындан 32 жыл мурун, 1982-жылы КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери, Эл аралык класстагы спорт чебери, балбан
Данияр Көбөнов Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында туулган. Данияр Көбөнов грек-рим күрөшү боюнча 2 жолку Азия чемпиону (“Кытай-2005”, “Кыргызстан-2007”), Кореяда өткөн Азия оюндарынын күмүш жана Катарда өткөн Азия оюндарынын коло медалынын ээси, Дүйнө чемпиондугунун (“Орусия-2010”) коло медалынын ээси, “Гуанчжоу-2010” Азия оюндарынын чемпиону. Ошондой эле "Афины-2004", "Лондон-2012" Олимпиада оюндарына катышкан.

* Мындан 35 жыл мурун, 1979-жылы Пинк деген лакап ат менен таанымал америкалык ырчы, актриса
Алиша Бет Мур АКШнын Пенсильвания штатындагы Дойлстаун шаарында туулган. Пинкке 2000-жылы чыккан "Can't Take Me Home" ("Мени үйгө алып бара албайсың") аттуу алгачкы альбому популярдуулукту алып келген. Актриса катары "Роллербол" (2002), "Чарлинин периштелери-2" (2003), "Катакомбалар" (2007), "Вегастан качуу" (2010) тасмаларындагы ролдору дүйнөгө тааныткан.

* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы "Black Eyed Peas" тобунун концертинде 21 000 кишинин катышуусунда уюшулган флешмоб "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.