Жылнаама, 12-сентябрь: Мындан 20 жыл мурун ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров көз жумган

* Мындан 20 жыл мурун, 1994-жылы ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров көпкө созулган оорунун айынан көз жумган. Көз жумганына сегиз күн болгондо гана ырчынын эмгеги бааланып, 1994-жылы 20-сентябрда "Эл агартуунун отличниги" деген наам берилген. Ошол эле жылдын ноябрь айында Ош филармониясындагы Кара-Кулжа музыкалык окуу жайына ысымы ыйгарылган. 1997-жылы 12-январда Сулайман тоодогу ырчынын бейитине эстелик коюлуп, андан соң ырчынын Ош филармониясынын алдында эстелиги ачылып, коомдук фонд да уюшулган. Рыспай Абдыкадыровго Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы тирүү кезинде берилбей калган.
 
* Мындан 62 жыл мурун, 1952-жылы чечендердин саясий лидери, 1996-1997-жылдары Ичкерия Чечен Республикасынын президентинин милдетин аркалаган Зелимхан Яндарбиев Казакстандын Шемонаихин районундагы Выдриха кыштагында туулган. Зелимхан Яндарбиев "Орусиянын аскерлерине каршы күрөштөргө катышып, Орусиянын аймагындагы террордук иштерге катыштыгы бар" деп айыпталган. Ал эми 2001-жылдан тартып эл аралык издөөдө болгон. 2004-жылы 13-февралда Зелимхан Яндарбиев Дохада 13 жаштагы уулу менен орусиялык атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн.
* Мындан 31 жыл мурун, 1983-жылы актёр Арнольд Шварценеггер Американын жарандыгын алган. Теги австриялык болгон америкалык актёр жана коомдук ишмер Арнольд Шварценеггер Австриянын Грац шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Таль кыштагында Густав жана Аурелия Шварценеггерлердин үй-бү­лөсүндө туулган. Арнольд Америкага кетүүнү кичинекей кезинен эле самаган. “Айбан”, “Коммандо”, “Эгиздер”, “Бала бакча полициясы”, “Терминатор”, “Терминатор-2: Сурак күн” ж.б. тасмаларда эң мыкты ролдорду жараткан Арнольд Шварценеггер АКШнын жараны, белгилүү актёр гана болбостон, саясат дүйнөсүнө аралашып, 1990-жылы Американын президенти Буштардын улуусу Арнольдду дене тарбия жана спорт боюнча башкы кеңешчиси кылып дайындаган. Ал эми 2003-жылы 6-августта Арнольд расмий түрдө Калифорниянын губернаторлугуна ат салышарын айтат. Өз шайлоочуларынын колдоосуна ээ болуп, 2006-жылы ошол эле ордуна экинчи ирет шайланган.
12-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан