Жалал-Абад. Шаар боюнча 5 миңдей жаран турак-жайга жана жер тилкелерине муктаж
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарында турак-жай жана жер тилкелерине муктаж 5 миңдей жаран бар. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү элдин мындай муктаждыктарын жоюу үчүн көп кабаттуу турак-жайларды курууга бюджеттен жыл сайын акча бөлүнүп туруу зарыл экендигин билдирет. 2013-жылга Жалал-Абад шаарынын башкы планын толук иштеп чыгуу, жаңы айланып өтүүчү көчөлөрдү куруу керектиги белгиленүүдө. Мындан сырткары шаардагы унаа жолдорду, көчөлөрдү талапка ылайык мамлекеттик каттоого алуу, мыйзамсыз автоунаа токтоочу жайларды тартипке келтирүү демилгеленүүдө. Унаа жолдорду оңдоо үчүн муниципалдык ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдап, 1 грейдер, 1 жүк жүктөөчү техника, 2 жүк ташуучу унаа алуу керектигин билдирет өкүлчүлүк.