Талас. Кара-Буура районундагы Көк-Дөбө айылына жаңы мектеп курулат
"Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Дөбө айылына жаңы мектеп куруу пландалууда" деп билдирди аталган райондун Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Асанбеков. Жаз мезгили келери менен баштала турган бул 2 кабаттуу, 225 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт. Асанбековдун айтымында, бул курулушка 37 миллион сомду бөлүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.