“Парламенттик башкаруудагы 37 өлкөнүн биринде да депутаттар мыйзам бузуп, камакта отурган жаранга кепилдик бербейт”. Бул пикирди ЖКнын 24-январдагы жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди. “Биз мыйзам жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөөчү органбыз, анан кантип мыйзам бузган кишиге кепилдик берип, аны камактан чыгарабыз”,- деди Иманалиев. Буга каршы пикир айткан депутат Курмантай Абдиев мындай дейт: “Биз элдин өкүлүбүз, биздин үчүнчү аткаруучу милдетибиз - элдин өкүлү болуу. Бизге кайрылып келген жаранга кантип жардам бербей коёбуз?”. Айта кетсек, бүгүн парламентте “Жазык процессуалдык кодексине” өзгөтүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Долбоордо депутаттардын кепилдик берүү аркылуу айыпталуучу жаранды камактан чыгарып алууга тыюу салуу каралган.