Депутат Роза Акназарова "чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын аймагынан ижарага жер берилбеши керек" деди

"Чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын аймагынан жерлерди ижарага берүүгө тыюу салуу керек" дейт депутат Роза Акназарова ЖКнын бүгүнкү жыйынында. Эл өкүлү чек ара аймактарындагы делимитация жана демаркация маселеси тактала элек жерлердин ижарага берилүүсүнө тыюу салуу боюнча шайлоочулар кайрылуу жасап жаткандыгын айтты. Бул пикирге каршылыгын билдирген депутат Исмаил Исаков “бизде 25 пайыз резервдик жер бар, алар мыйзам боюнча ижарага берилиши керек" деди. Айта кетсек, ЖКда бүгүн, 24-январда "КРнын Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан