Каржы министри: "2013-жылы бюджеттин тартыштыгы 17 миллиард сомду түзөт"

2013-жылы бюджеттин тартыштыгы 16 миллиард 930 миллион сом болот деп болжонууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда каржы министри Ольга Лаврова билдирди. Анын маалыматына караганда, республикалык бюджеттин тартыштыгын Каржы министрлиги чет элдик жана ички каражат булактарынын эсебинен жабууга аракет кылат. "2012-жылдын такталган бюджеттик тартыштыгы 21 миллиард 604 миллион сом болду. Каржы министрлиги тарабынан кабыл алынган чаралардан улам 2012-жылдын тартыштыгын азайтууга мүмкүн болду",- дейт Лаврова. Министр айым ошондой эле жыл сайын бюджеттин тартыштыгы азайып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан