Республика боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-октябрындагы абал боюнча салык карызынын суммасы 1 миллиард 397 миллион сомду түзгөн, анын ичинен үмүтсүз салык карызы 417 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда “Ачык өкмөт” долбоорунун алкагында өткөн маалымат жыйынында КРнын Салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылдын 1-январына салыштырмалуу салык карызы 95,1 миллион сомго (6,4 пайыз) кыскарган. “Республиканын салык түзүмдөрү тарабынан 2014-жылдын 9 айында салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча белгиленген иштер жүргүзүлүп, кабыл алынган чаралардын жыйынтыгында бюджетке 590 миллион сом түшкөн. Бул көрсөткүч 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 123,8 миллион сомго көп”,- деди ал.