Бүгүн, 13-октябрда маалымат жыйынында КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова “Кыргызстанда жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетине 8 канал кирди” деп билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө санариптик телеберүүгө өтүү боюнча КРнын Транспорт жана байланыштар министрлиги жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги иш-аракеттерди жүргүзүүдө. “8 каналдан турган аталган социалдык пакетке КТРКнын 3 ар түрдүү тематикалуу каналдары, ЭлТР, "МИР", "5-канал", “Пирамида” жана облустук телерадиокомпаниялар кирет”,- деди ал.
Мындан тышкары ал ар бир каналга 10 миллион сом берилерин баса белгиледи. "Жалпысынан санариптик телеберүүнү өнүктүрүүгө 100 миллион сом пландалган. Бул акча каражаттын 11 миллион сому техникалык жабдууларды сатып алууга сарпталса, 9 миллиону керектүү контентти түзүүгө колдонулат",- деп толуктады А.Темирбекова.