"Азия Микс" КВН командасы: "Александр Масляковдун КВН мелдешинин Жогорку Лигасына катышууга даярбыз"

Кыргызстандын “Азия Микс” КВН командасы Орусиянын Сочи шаарында өткөн “КиВиН-2013” фестивалына катышып, жакында өтүүчү Александр Масляковдун КВН эл аралык мелдешинин Жогорку Лигасына катышууга укук алып, Бишкекке кайтып келишти. Биз аталган команданын жигиттерин кыскача кепке тарттык. 

- Жеңишиңиздер менен куттуктайбыз! Ринат мырза, жеңишке 600дөй команданын ичинен алдыга суурулуп чыгуу кыйын болдубу? 

- Рахмат, жеңишке жетишкенибизге дагы деле болсо ишене албай турабыз. Оюн эң жогорку деңгээлде өттү. Баарыбыз шаңдуу барып, жеңишке да шаңдуу жетиштик. Биринчиден, Жогорку Лиганын командалары бардыгы күчтүү. Бирок алар биздин досторубуз болгону менен, биздин эң негизги атаандаштарыбыздын катарына да кирет. Мен мурда Жогорку Лигада ойноп жаткан балдарды көрүп абдан суктанчумун. Ошол балдардай ойносом деп. Эми бул ийгиликке жетишкенибизге аябай сыймыктанып жатам.

- Жакында болчу КВН эл аралык мелдешинин Жогорку Лигасына катышууга даярданууга убакыт аздык кылбайбы?

Эрмек Кененсаров: - Кудай буюрса, эки аптадан кийин Москвага аттанабыз. Анда Орусия, Украина, Беларусь өлкөлөрүнөн 19 команда катышат. Биз ал мелдешке да даярбыз. Капчыгыбызга тамашаларды даярдап койгонбуз. Сочидеги фестивалда жүргөндө да кээ бир номерлерди ошол жерден эле ойлоп таба калып чыгарып жаттык. Көрүүчүлөрүбүз да бизди абдан колдоп беришти.

Айта кетсек, Александр Масляковдун КВН мелдешинин Жогорку Лигасына Кыргызстандын командасы биринчи жолу катышканы турат. Ал 2013-жылдын 17-февралында Москва шаарында өтөт.  

"Азия Микс" А.Масляковдун Жогорку лигасында
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Aiba_2020
2013-01-28 17:40:57
Azamattar!!
0
Aseiin
2013-01-28 21:07:44
Молодцы
0
Xamer
2013-01-28 21:08:15
Азаматтар

0
amalia
2013-01-29 08:46:52
Molodtsy vy nasha gordost!!!
0
bosmos7
2013-01-29 11:42:45
Алга Кыргызстан ! Москвада 17чи куну барып колдойбуз Куда кааласа!!!
0
menedjer
2013-01-29 15:41:55
азаматтар соз жок ,кубанганымдан козумо жаш келип кетти эх)))))
0
ramik_87
2013-01-29 15:44:26
М о л о д ц ы ! ! !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан