14-17-октябрь күндөрү 73809-аскер бөлүгүнүн базасында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелеринин ортосунда КРнын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган спорттун аскердик-колдонмо түрлөрү боюнча Спартакиада өтөт. Бул тууралуу аталган штабдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ага жалпысынан 120га жакын аскер катышмакчы. Таймаш спорттун беш түрүнөн өткөрүлөт, алар куралдан ок атуу, 100 метр, 1 чакырым, 3 чакырым аралыктарга чуркоо, граната ыргытуу, гиря спорту жана армрестлинг боюнча мелдештер. Жекече жана командалык мелдештердеги жеңүүчүлөр кубок, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышат. Спартакиададагы жалпы байге фонду 60 000 сомдон ашат.
Спартакиада спорттук-массалык иштерди жандандыруу, аскер кызматкерлеринин ден соолугуна кам көрүү, дене тарбиялык даярдыктын сапатын жакшыртуу, аскер кызматчыларынын спорттук чеберчиликтерин өстүрүү, ошондой эле спорттук тажрыйба алмашуу максаттарында уюштурулууда.