Жылнаама, 15-ноябрь: Кикбокс боюнча Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Руслан Абасовдун көзү тирүү болгондо 38 жашка чыкмак. Ал быйыл унаасын жардыруудан улам каза тапкан

* Мындан 38 жыл мурун, 1976-жылы кикбоксчу Руслан Абасов Токмок шаарында төрөлгөн. Ал Токмок технологиялык институтунун экономика бөлүмүн бүтүргөн. Ал профессионал кикбоксчу чыкчу бийиктиктердин баарын багындырган. Гермес лакап атына ээ болгон соң ал 3 жолу Дүйнө чемпиондугун (1999, 2003, 2005-жылдары), 3 ирет Европа чемпиондугун (1998, 2000, 2005-жылдары) уткан. “Барс” версиясы боюнча КМШ, Евразия, Европа жана Дүйнөнүн чемпиондук курларынын ээси болгон. Ал 2009-жылы Москвада өткөн профессионалдар арасында супер оор салмакта Дүйнө чемпионун уткан. Бул мелдештен кийин эч кандай олуттуу билдирүү жасабай эле рингди таштап, ишкердик менен алектене баштаган. 2011-жылы спортчу Ысык-Көл облусунун губернаторунун экология жана спорт иштери боюнча кеңешчиси болгон. 
Руслан Абасов 2014-жылы 27-мартта унаасын жардыруудан улам каза тапкан. Окуя Токмок шаарында саат 18:00 чамасында болуп, спортчу ооруканага жетпей жолдо көз жумган.
 
* Мындан 32 жыл мурун, 1982-жылы Москвада, Кызыл аянтта Леонид Брежнев менен коштошуу зыйнаты болуп өткөн. Леонид Ильич Брежнев 1982-жылы 10-ноябрда 75 жаш курагында каза тапкан. Советтик жол башчыларды акыркы сапарга узатууда табыттын артынан медаль, ордендерин баркыт жаздыкчаларга коюп көтөрүп өтүү салт болгон. Башкача айтканда, бир офицер бир сыйлыкты көтөрүп өтчү. Брежневде андай сыйлыктардын саны 200дөн ашкандыктан, бир жаздыкчага бир нечесин жайгаштыруу каралган. Ошентип офицерлердин саны 44кө чейин кыскарган. “Брежневдин табытын мүрзөгө түшүрүүдө таштап жиберишкен. Бул телевидениеден түз берүүдө да билинген” деп айтылат эл арасында. Бирок муну атайын жасашканбы же кокустукпу, ачылбаган бойдон калган.
* Мындан 18 жыл мурун, 1996-жылы поп-музыканын падышасы Майкл Жексон медайым Деби Роуга үйлөнгөн. Бул никесинен ырчы 1 уул, 1 кыздуу болуп, 1999-жылы Дебби Роу менен ажырашып кеткен.
 
15-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан