Драматург Султан Раевдин "Таажы" китебинин бет ачары Францияда өтөт

14-15-февралда Франциянын борбору Париж шаарында “Европадагы адабият күндөрү” аттуу форум өтөт. Иш-чарага дүйнө жүзүнө белгилүү акын-жазуучулар катышмакчы. Президенттин кеңешчиси, белгилүү драматург Султан Раевдин айтымында, бул форумга Кыргызстандын атынан жазуучулар Талип Ибраимов, Турусбек Мадылбай жана Раев өзү катышат. Форумда Султан Раевдин “Таажы” китебинин жана француз тилиндеги аңгемелердин котормосунан турган жыйнагынын бет ачар аземи болот. "Бул форумдун максаты - адабият чөйрөсүндөгү адамдарды жана Борбордук Азия аймагындагы жазуучулардын чыгармалары менен дүйнөлүк окурмандарды тааныштыруу",- дейт Раев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан