Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында шаардык мэрия тарабынан уюштурулган 10-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү жана 17-ноябрь - Эл аралык студенттер күнүнө карата салтанат өтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад шаарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Эгембердиева жана шаардын мэри С.Авазов тарабынан жыл ичинде ар кайсы тармакта эмгектенип жетишкен ийгиликтери бар деп табылган жаштарга Ардак грамота жана Алкыш барактарын ыйгарышты.
Ошондой эле коомдук уюмдардын жетекчилери да жаштарга болгон өздөрүнүн тилектерин билдиришип, "келечек жаштардын колунда, шаарды ар тараптан өнүктүрүү силердин колуңарда" деген жакшы пикирлерин айтышты. Салтанат концерттик программа менен коштолот.