Ошто 19-ноябрь күнү мектеп окуучулары шаардагы унаа жолунун көйгөйлөрүн сахналаштырышат. Анда көпүрөнүн кооптуулугу, жол тыгыны, маршруттук каттамдарда жүргүнчүлөрдүн батпай жатканы, кичи автобустардын окуучу балдарды салбай жатканы жана окуучулардан жол акысын кымбат алуу сыяктуу маселелер көрсөтүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ыдайык, аталган иш-чарага Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчилери, Шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, мектеп директорлору жана алдынкы окуучулардын уюмунан түзүлгөн командалар катышат.