Борбор Азиядагы жайыттарды башкаруу реформасын 80ден ашык эл аралык жана аймактык эксперттер Бишкекте талкуулап жатат. Иш-чара Айыл чарба министрлигинин Жайыт департаментинин демилгеси менен уюштурулуп, эл аралык өнөктөштөрдүн каржылык колдоосу менен өтүүдө. Бул тууралуу 18-ноябрда министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Талкууга катышып жаткан экс-президент Роза Отунбаева жайыттарды менчикке берүүгө каршылыгын айтты. “Эгер менчикке берсек, мыкты жайыттардын баары жеке колго өтүп, элдин мал жайуусуна тоскоолдук жаралат, эң негизгиси, экология унутта калат. Экинчиден, жайыттарды башкарууну жергиликтүү бийликке өткөрүп берүүгө да каршымын. Анткени жергиликтүү башкаруу азырынча жаш жана жек-жааттык салтыбыз күчтүү”,- деди ал.
Ал эми "Мал чарбасын өнүктүрүү жана рынок" долбоорунун жетекчиси Фритц Жепсен: “Жайыт реформасынын алкагында мал чарба азыктарын көбөйтүүгө болот. Бул тармак атаандаштыкка жөндөмдүү, тек гана аны жөнгө салып алуу кажет. Биздин уюм тарабынан бүтүндөй Жер шарындагы жайыттардын абалын оңдоого ири акчалар бөлүнүп турат. Ошол эле учурда биз бөлгөн каражаттардын кандай колдонулуп жатканына байкоо салабыз. Кыргызстандын Жайыт департаменти бул жагынан мактоого татыктуу иштерди аткара алды. Демек, Борбор Азиядагы башка мамлекеттердин Кыргызстандан тажрыйба топтоп жатышы түшүнүктүү”,- деди.