Кыргызстан жылына 80-100 миң тонна төө буурчак экспортко чыгара алат. Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев билдиргенин аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, министр Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин соода иштери боюнча кеңешчиси Чагатай Өзден менен жолукту. Анда төө буурчакты экспорттоо боюнча сүйлөшүү орун алды. Министр өз кезегинде маектешин учурдагы абал жана баалар менен тааныштырды. Учурда төө буурчактын килограммынын орточо баасы 65 сомду түзүүдө. Өткөн жылы 1 килограмм төө буурчакка болгон баа 128 сомго чейин жеткен. Ал эми Ч.Өзден Түркия жыл сайын Канада, Орусия, Кытай мамлекеттеринен төө буурчак экспорттоп келгенин, көлөмү боюнча бул жаатта Кыргызстан 5-орунда турарын айтты. “Түркия жалпысынан төө буурчак импорттоого 261 миллион доллар сарптайт. Кыргызстандан алынган төө буурчакка 12-13 миллион доллар коротулат”,- деп кошумчалады ал.