* Мындан 6 жыл мурун, 2008-жылы каскадёр, коомдук ишмер Үсөн Кудайбергеновдун өлүмү боюнча кылмыш иши шектүүлөрдүн каза болгонуна байланыштуу токтотулган. Ал
2005-жылы 10-апрелде Орто-Сай айылындагы үйүндө атылып өлтүрүлгөн. ИИМдин маалыматына ылайык, шектүүлөрдүн катарында Рысбек Акматбаев жана анын оң колу Нурлан Коноев бар болгон. 
* Мындан 2493 жыл мурун, б.з.ч. 479-жылы кытай философиясында конфуцийчилик багытына негиз салган байыркы кытай ойчулу
Конфуций каза болгон. Аны кытайлык кыргыздар Куңзы деп атап коюшат. Куңзы тектүү, бирок жакырланып калган үй-бүлөдө туулган. Өмүрүнүн көбүн Лу падышалыгында өткөргөн. Жаш кезинде чиновник болгон, кийин Кытайда биринчи жолу өзүнчө мектеп ачкан. Анда Куңзынын санат сөздөрү, аңгемелери окутулган, жакын шакирттери топтолгон. Куңзыны ар түрдүү эмгектердин ("Өзгөрүштөрдүн китеби", "Ырлар китеби") автору деп эсептешет, бирок анын көз караштарынын бир кыйла тагыраак булагы "Аңгемелер жана ой жүгүртүүлөр" деген эмгеги болуп саналат, мында Куңзынын жана анын шакирттеринин санат сөздөрү жазылган.

* Мындан 231 жыл мурун, 1783-жылы аба шары биринчи жолу адамдарды асманга көтөрүп учкан. Француз ойлоп табуучулары, ага-ини
Жозеф Мишель менен
Жак-Этьенн өзүлөрү ойлоп тапкан аба шарын жүргүнчүсүз ошол эле жылдын 5-июнунда учурушкан. Алар андан башка бийиктиги 22,7 метр, диаметри 15 метр болгон шар жасашкан. Аба шарынын ылдыйкы бөлүгүндө 2 кишилик шакекче галереясы бар болгон. Бирок Франциянын падышасы Луи XVI бул долбоордун авторлоруна өзүлөрүнүн катышуусуна тыюу салган.
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Киевдеги көпкө созулган массалык нааразычылык акциясы, Евромайдан башталган. Бул акцияга өкмөттүн Европа биримдигине кирүү тууралуу келишимге кол коюуну бир аз токтотуп коё туруу чечими себеп болгон. Жыйынтыгында Николай Азаров отставкага, Виктор Янукович бийликтен кеткен. Мурунку оппозиция Убактылуу өкмөт болуп шайланып, 2004-жылдын Конституциясына кайтышкан.