* Мындан 78 жыл мурун, 1936-жылы СССРде кош бойлуулук эненин ден соолугуна коркунуч туудурса аборт жасатууга уруксат берилген. Аборт ооруканаларда жүргүзүлүп, аялдардын каалоосу менен 12 жумалык мөөнөткө чейин жасалган. Эгер кош бойлуулук аялдын ден соолугуна жана балага зыян келтирсе, андан чоң мөөнөттө да жасоого уруксат берилген. Ооруканадан тышкары жасалган аборт көбүнчө оор кабылдоого учураткандыктан, аборт жасаган киши же дарыгер жоопко тартылары айтылган.
* Мындан 51 жыл мурун, 1963-жылы АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди киши колдуу болуп каза тапкан. Азыркы убакка чейин анын өлтүрүлүшүнүн сыры ачылбай келет. Ошол күнү саат 12ден 29 мүнөт өткөндө АКШнын президенти Жон Кеннедиге Техас штатындагы Даллас шаарынын Хюстон жана Элм көчөлөрүнүн кесилишинде лимузинде кетип баратканда эки жолу, айрым маалымат боюнча, үч жолу ок атылган. Бир ок президенттин кара кушу аркылуу аралап өтүп, экинчи ок анын башынын оң жагына тийген. Оор жарадар Кеннеди Далластагы Парклэнд ооруканасына жеткирилип, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. АКШнын мамлекет башчысынын о дүйнөгө сапар тартканы тууралуу суук кабар тез эле тарап, бул окуяга тийиштиги бар делинип Ли Харви Освальд аттуу адам Далласта камакка алынган. Бирок ал бул кылмышты мойнуна алган эмес. Окуя андан ары чиеленишип, камакка алынгандан эки күн өтпөй Освальддын өзү да түз сыналгы берүүсү учурунда атылып өлтүрүлгөн.

* Мындан 98 жыл мурун, 1916-жылы жазуучу
Жек Лондон көз жумган. Жон Гриффит Жек Лондон - жазуучу, журналист жана коомдук активист. Американын прогрессивдүү жазуучусу Жек Лондон Калифорния штатынын чоң порттуу шаары Сан-Францискодо, жарды фермердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал туулган үй 1906-жылкы Сан-Франсиско зилзаласында күйүп кеткен. Лондон эч кимдин жардамысыз сабатсыздыгын өзү жойгон. Капиталисттик коомду тартынбай ашкерелеген, көркөмдүк жагы жогору деңгээлде турган реалисттик чыгармалары менен бирге бул тармактагы көптөгөн жазуучулардай эле Жек Лондондун да чыгармачылыгында буржуазиялык идеология жык толгон начар жана жасалма очерк, романдары да орун алган дешет талдоочулар.

* Мындан 31 жыл мурун, 1983-жылы ЖКнын депутаты
Дастан Бекешев Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында жарык дүйнөгө келген. 2001-жылы көзү азиздер жана начар көргөн балдардын атайын мектеп-интернатын бүтүргөн. 2006-жылы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 2006-жылы Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук башкармалыгында укук маселелери боюнча башкы адис болуп иштеген. 2010-жылы октябрда «Ар-намыс» саясий партиясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2014-жылы 10-ноябрда «Ар-намыс» партиясынын катарынан чыгып, «Ак-ниет» деген партия түзүп, «Ар-намыс» фракциясында ишин улантарын айткан.
* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы 4 жыл аралыгында курулуп бүткөн Ош облусунун Алай районунда Кытайга кирип чыгуучу Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там транспорттук коридор, унаа жолу пайдаланууга берилген. Бул унаа жолу стратегиялык маанидеги Ош - Бишкек унаа жолунун уландысы болуп, өлкөнү Кытай жана Тажикстан менен байланыштырат.