Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен чек араларында 40 чыр-чатак катталган. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз борборунан Сажира Чоколоева билдирди.
Маалыматка ылайык, чек ара чатактарынын негизги себептеринин катарында тактала элек жер тилкелерин талашуу, тартыш болгон суу маселеси турат. Катталган 40 чыр-чатактын 32си кыргыз-тажик, экөө кыргыз-казак, бирөө кыргыз-кытай жана бешөө кыргыз-өзбек чек арасында болгон.
Белгилүү болгондой, Кыргызстан Казакстан, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Ал эми азыркы учурда Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралар толугу менен такталып бүтө элек.