Борбор калаанын тургундарына дин тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын үгүт-насаат жана мечиттер бөлүмүнүн демилгеси менен Бишкек шаарынын 6 мечитинде элибизге ислам дининин негиздерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган иш-чара мусулманчылыктын асыл сапаттарына, ыймандуулукка, сабырдуулукка, Ата Мекенди сүйүүгө, улуттар аралык ынтымакка чакыруу жана өз ара урмат-сый мамилени калыптандыруу максатында уюштурулууда.

Бул сабакка катышам дегендер өз каалоолору менен атайын журналга катталып, күнүнө үй тапшырмасын алып кетип турушат. Ошону менен бирге көптөгөн пайдалуу маалыматтарга ээ болушуп, өздөрүнүн билимдерин жогорулатып алууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт”,- дейт Дин башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси Жолдошбек ажы Абдылдаев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dadin2
2014-11-27 12:11:56
ТВ-дан эле узбой кунуно 2-3 жолудан атайын программа болунуп элге дин ж-до туура маалымат таратып турса эле болотда.Чыныгы Ислам дини тууралуу мааламат таратыш керекда жаштардын копчулугу вахабиттерге алданып кетип жатышатда мечиттерде да молдолорду атестациядан откоруп алардын кылган иш аракетерин козомолго алып туруу керек кандай жаата маалымат берип жаткандыгын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан