Бүгүн Ош шаарында күнүгө 160 даана кир жуугуч машина чыгаруучу заводдун ачылыш аземи өтөт

Ош шаарында бүгүн, 1-декабрда кыргыз-кытай биргелешкен “Жим-Мей” кир жуугуч машиналарды чыгаруучу ишкананын расмий ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, заводдо эмгектенген адистер башында 50 даана жарым автомат машина чыгарса, кийинчерээк анын саны 160 даанага жеткен. Ал эми жакынкы убакыт аралыгында күнүгө 200гө жакын кир жуугуч машина чыгаруу пландалууда. Жарым автомат үлгүсүндөгү кир жуугучтун даанасы 95 доллардан сатылмакчы. Белгилүү болгондой, кир жуучу машиналар жакынкы убакыт аралыгында Кыргызстандын базарларына чыгат. Андан соң алар Тажикстан жана Өзбекстанга да экспорттолмокчу.

Эске салсак, буга чейин Ош шаарынын вице-мэри Замир Аскаров завод 2 этап менен ишке киргизилип, биринчи этапта жалаң кир жуугуч машиналар, ал эми 1-2 жылдан кийин муздаткычтар да чыгарыларын маалымдаган. Кыргыз-кытай биргелешкен “Жим-Мей” заводун ишке киргизүүгө 5 миллион доллар каражат сарпталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
haker_9500
2014-12-01 11:26:32
баасы канча болтат экен ?
0
kursantbek
2014-12-01 11:28:18
haker_9500, 95 доллар деп туратко)))
0
altai86
2014-12-01 11:33:23
Кудаага шугур холадилник чыгырыбыз деген оозунарга май
0
munar85
2014-12-01 12:16:40
жарым автомат дегени кандай
0
Compact
2014-12-01 12:22:27
munar85, полуавтомат.
0
goodman02
2014-12-01 13:43:08
мен ойлопун автомат деп
0
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-01 15:00:45
Алда болсо жакшы айыл шартына коп заводтор курулса жакшы болмок мигрантарыбыз азаймак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан