Кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин эс алышы мүмкүн

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Кыргызстанда 2015-жылдын 1-8-январь күндөрүн дем алыш күнү кылууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аптасына 5 күн иштеген мекемелер жана уюмдарга 2014-жылдын 27-декабрь күнүн (ишемби) 2015-жылдын 2-январына (жума), 2015-жылдын 10-январын (ишемби) жана 17-январын (ишемби) 2015-жылдын 5-январына (дүйшөмбү) жана 6-январына (шейшемби) жылдыруу демилгеленүүдө.

Ошентип, кыргызстандыктар 2015-жылдын 1-7-январь күндөрү бир апта дем алышы мүмкүн.

Айта кетсек, тиешелүү токтом Юстиция, Экономика, Каржы, Билим берүү жана илим, Айыл чарба жана мелиорация, Тышкы иштер министрлиги, ӨКМ, ИИМ, Саламаттык сактоо, Энергетика жана өнөр жай, Маданият, маалымат жана туризм, Социалдык өнүгүү, Коргоо министрликтери жана УКМК тарабынан макулдашылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Akshumkar
2014-12-01 14:33:48
иштебей эле койбойлубу
+3
nur-patriot
2014-12-01 14:35:50
Кыргызстанда буга карабай эле иштешет.
+1
sarbo
2014-12-01 16:48:24
иш кунудо иштеп калганыда,кадимкидей эле дем алганы жакшыда,баарибир ошол дем алган кундорго иштеп берсе
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан