“Шаардын өнөр жай өндүрүшүндө кытайлык ишкерлердин орду өзгөчө” дейт Айтмамат Кадырбаев

"Шаардын өнөр жай өндүрүшүндө Кытай Эл Республикасынын ишкерлеринин орду өзгөчө экендигин айтпай кетүүгө болбойт". Мындай пикирин бүгүн, 1-декабрда кыргыз-кытай биргелешкен кир жуугуч машиналарды чыгаруучу заводдун ачылыш аземинде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев билдирди.

Айтмамат Кадырбаев өз сөзүндө: “Учурда шаардын өндүрүш тармагында эле ондон ашуун кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары иш алып барууда. Ош шаарынын мэриясы бүгүн инвесторлор менен кызматташууга, ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө бардык аракетин жумшап жатат. Ал эми инвесторлордун шаар жана шаардыктар менен кызматташууга умтулуусу ачык байкалып жаткандыгы бизди кубандырат. Биздин бул багыттагы аракеттерибиз мындан ары да чечкиндүү боло тургандыгына сиздерди ишендирип кетүү менен заводдун ишине ийгилик, элибизге ынтымак, байгерчилик  каалап, заводубуз ак жолтой болуп, иши илгерилей берсин”,- деди. Бул тууралуу шаардык мэрия тараткан маалыматта айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан