Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 2-декабрда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.   

Маалыматка ылайык, эртең саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Ногин, Украинская, Матыев, Строительная, Красная, Лев Толстой көчөлөрүндө, Барнаульский тар көчөсүндө жана Мир чоң көчөсүндөгү №26, 28-көп кабаттуу үйлөрдө №94, 1841, 3488, 402, 242-көмөк чордондорундагы профилактикалык иштерге байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

Ошондой эле Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында, Центральная көчөсүндө, Алексеевка айылындагы Кавказ, Школьная, Калинин көчөлөрүндө да электр жарыгы өчүрүлөт. Ал эми Сокулук районуна караштуу Гавриловка (Забайкальская, Южная, Восточная, Фрунзе көчөлөрүндө) айылында, Шопоков (Футбольная көчөсүндө) шаарында “Стрельниковой”, “Орто-Алыш”, “Алексеевка”, “Калининская”, “Ботбаев” көмөк чордондорунан тараган 10 кВт аба электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан