Ош шаарындагы №14-мектепте башталгыч класстын 300дөй окуучусу “Дарман” кургак учук оорусуна каршы санаторий тибиндеги балдар бакчасына 20 миң сомдон ашык суммага бааланган окуу куралдарын жана таттууларды белек кылышты. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аны менен катар №50-мектеп-гимназиясынын окуучулары акция өткөрүп, чогулган каражаттарды аталган бала бакчага тартуулашты. Учурда “Дарман” балдар бакчасында жалпы 240 бала тарбияланат. Бул 3-декабрь - Майыптар күнүнө карата Шаардык билим берүү башкармалыгынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларына моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүү буйругунун негизинде уюштурулду.