Бишкектин Ленин көчөсүндөгү көпүрө оңдолуп бүтүп, көчөдөн автоунаалар жүрө баштады. Мэриядан бизге билдиришкендей, оңдоодон өткөн көпүрө 30-ноябрь күнү колдонууга берилди. Эскерте кетсек, көпүрөнү оңдоо иши быйыл сентябрь айында башталып, көчөнүн аталган аймагы менен автоунаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилген эле. Курулушка 3,4 миллион сом жумшалганы айтылды.