Жалал-Абад шаарынын аймагында Бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күрөшүү боюнча 2014-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин бир айлык жарыяланган. Иш-чаранын алкагында «ВИЧ/СПИДден сактаналы!» аттуу акция 1-декабрь күнү борбордук «Эркиндик» аянтында өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Мэрия тарабынан уюштурулган акция Жалал-Абад шаарындагы №3-орто мектептин чоң залында өттү. Акциянын жүрүшүндө окуучулар жана студенттер тарабынан даярдалган бул оору тууралуу сценкалар көрсөтүлүп, шоу-программа тартууланды. Ошондой эле ВИЧ/СПИД оорусу боюнча викторина уюштурулду.
"Республика боюнча 5392 адам ВИЧ/СПИДге чалдыкса, анын 605и Жалал-Абад облусу боюнча катталган",- деди СПИДге каршы күрөшүүчү облустук борбордун башкы дарыгери Элмира Сатарова.