Борбордогу №71-мектепте Октябрь районунун билим берүү мекемелеринин алдындагы жол кыймылынын эрежелеринин бузулушу боюнча тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу 1-декабрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Тегерек столго Октябрь районунун Билим берүү борборунун директору Е.Строкова, адис С.Үсөналиева, Кыргыз Республикасынын ИИМ Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов, Бишкек ШИИББинин ЖКК аналитика жана профилактика бөлүмүнүн башчысы Болот Эркинбаев, “Алтын келечек” кыймылынын координатору У.Иванов жана Октябрь районунун мектеп лидерлери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө №62-окуу-тарбия мектеп-гимназиясынын алдындагы мыйзамсыз унаа токтотуулар, №17-окуу-тарбия мектеп-комплексинин алдында жол белгисинин жоктугу талкууланып, №20-окуу-тарбия мектеп-комплекси шаардык МАИ менен биргеликте “ЮИД” долбоору боюнча түшүндүрмө беришти. Жыйын жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү максатында өткөрүлдү.