Бишкекте бүгүн, 2-декабрда Бишкек ШИИББинин короосунда жайгашкан убактылуу кармоочу жай капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Аны оңдоп-түзөөгө 3 миллион сом акча каражаты сарпталды. Убактылуу кармоочу жай 60 адамга ылайыкталган. Белгилүү болгондой, бул жылы Кара-Суу, Кызыл-Кыя жана Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайлар керектүү оңдоо иштеринен өткөн.
“Убактылуу кармоочу жайга түшкөн кылмышкерлер да Кыргызстандын жарандары, аларга да тиешелүү шарттар түзүлүшү керек. Мына бүгүн капиталдык оңдоодон кийин ишке кирген убактылуу кармоочу жайда бардык шарттар түзүлгөн. Аталган жайда медициналык жардам көрсөтүүчү атайын бөлүм да бар, алардын айлыгын да Кызыл Крест уюму каржылоодо. Оңдоо иштерине сарпталган каражаттын 2 миллион сомун Кызыл Крест уюму, ал эми 1 миллион сомду ШИИБ каржылады”,- деди ички иштер министри Мелис Турганбаев.
Ал эми КРдагы Эл аралык Кызыл Крест уюмунун делегациясынын башчысы Катя Лоренц өз сөзүндө: “Биздин негизги максат - өлкө аймагында камакка алынган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү, ошондой эле аларга карата жасалган кордук жана зомбулуктун алдын алып, аны азайтуу”,- деди.
Убактылуу кармоочу жайдын ичинде кармалган жарандар үчүн жуунуучу жай да салынган. Министрдин айтымына караганда, аталган жайга түшкөн жарандар кааласа ал жактан жуунуп алышса да болот.