Бишкекте бүгүн, 2-декабрда Майыптар күнүнө карата
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин катышуусунда майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.Саамалыкка 600 бала катышып, аларды куттуктоо үчүн вице-мэр Марс Саккараев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Любовь Ардамина келишти. Иш-чаранын жүрүшүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында өткөн спорттук мелдештерде, кол өнөрчүлүк боюнча сынактарда алдынкы орун алгандарга сыйлыктар тапшырылды.