Свердлов райондук администрациясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөттү

Свердлов райондук администрациясы Эл аралык майыптар күнүнө арналган “Биз биргебиз” аттуу бир айлыктын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, №124 жана №48-майып балдар коомдук бирикмесине, Шаардык калыбына келтирүү борбору, №21-адистештирилген мектеп-интернаты, угуусу жана көрүүсүнөн жабыркаган балдарга, Шаардык кургак учукка каршы ооруканасы, дүлөй балдар үчүн атайы билим берүүчү мектеп-интернаты жана №30- көмөкчү орто мектебине жардамдар көрсөтүлдү. Район башчысы Алтынай Өмүрбекова шейшеп, жаздык, жууркан, музыкалык аппарат, 3 майып арабасы, сыналгы тапшырып, №124-майып балдар коомдук бирикмесине райондук администрация “швед стенкасын” орноттуруп берди.

Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жергиликтүү аймактык башкармалыктар, райондук кызматтардын жетекчилери жана башкалар жардам көрсөтүштү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан