Нарын облусунда 2012-жылы жарандардын жол эрежелерин бузуу фактылары 32,14% түздү. Буга шаардагы жол белгилеринин жоктугу, айдоочулардын тажрыйбасыздыгы, автоунаалардын көбөйүшү жана мас абалында унаа айдоо башкы себеп. Мындай пикирди Нарын ОИИБинин башчысынын орун басары Махабат Жумаев билдирди.
"Нарын шаарында 200дөн ашык жол белгилери жетишсиз. Былтыр облус боюнча 21 745 жол эрежесин бузуу фактысы катталса, 709 айдоочу мас абалында унаа айдап жүргөнү аныкталган. Ошондой эле жөө жүрүүчүлөр да жол эрежелерин көп бузушат. Өткөн жылы Кайгуул-күзөт кызматы түнкүсүн күзөтүү иштерин жүргүзүшкөндө көчөлөрдөн 1902 мас жаран катталган. Түнкү күзөт кызматынын аракети менен 141 майда кылмыш иштерине шектүү жарандар кармалып, анда өспүрүм балдар басымдуулук кылганы белгилүү болгон",- деп билдирет Жумаев.